super.kg logo

АКШда "Ида" куюну 44 адамдын өмүрүн алды

 

АКШнын түндүк-чыгышында катталган тропикалык "Ида" бороонунун кесепетинен каза тапкандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "Ида" аталышындагы бороон өлкөнүн чыгыш тарабынан башталып, Луизиана жана Нью-Жерси штатында, Нью-Йорк шаарында олуттуу зыяндарды алып келген.

Ошондой эле бороон нөшөрлөгөн жаанга жана суу ташкынына себеп болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жаратылыш кырсыгынан курман болгондордун саны 44 адамга жеткени айтылууда. Алардын көбү сууга толгон жер төлөлөрдө, турак үйлөрүндө, унаалардын ичинде курман болушкан. Ошондой эле арасында карагай басып калгандар, унаалардын алдында калгандар да болгон.

Учурда аталган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилгени айтылды.

Эске салсак, буга чейин "Ида" куюну күндөн-күнгө күчөп, саатына 215 чакырым ылдамдык менен Луизиана штатынын жээгине жакындап келе жатканы кабарланган.

"Ида" куюну АКШ аймагында 16 жылдан кийин кайталанган күчтүү куюндардын бири болду. Буга чейин 2005-жылы ушул эле аймакта "Катрина" куюну катталып, 2 миңге жакын адамдын өмүрүн алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: