Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ден №47 абакка ден соолугуна байланыштуу которулду

Маалыматка ылайык, Жеңиш Молдокматов 19-августта аталган абакка которулган.
"Азыр ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатат. Кечээ, 2-сентябрда Биринчи Май райондук соту 6-октябрга чейин камакта калтырды", - деп билдирди Бекчоро уулу.
Жеңиш Молдокматов УКМК тарабынан кармалып, башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.
Андан соң Молдокматов ачкачылык жарыялап, 11 күндөн кийин ооруп калганына байланыштуу токтоткон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.