Айдоочулар уктап кеткенден көп болот. Жалал-Абадда 7 айда жол кырсыгынан 76 жаран каза болгон
Жалал-Абад облусунун аймагында 7 айда 329 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 76 жаран каза болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа кырсыктарынын негизги себептерин дагы айтып өттү.
Алар:
- Эң биринчиден адамдык факторлор, башкача айтканда, айдоочулардын көбү жолдо өзүн алып жүрүү маданиятын сактабагандык.
- Айдоочу уктабай же болбосо эс албай жолго чыгуусу.
- Катуу ылдамдыкта айдоо.
- Карама-каршы тилкеге ошол учурдагы жолдогу кырдаалды эске албай чыгуусу.
"Андан сырткары соңку учурларда адам өмүрү кыйылган жол кырсыктары негизинен өз убагында эс албай, уктап кеткендиктен болуп жатат", - жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Shbdn

04.09.2021. 06:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллам өзү сактасын.озу Ош Бишкек поез кататып койсо жакшы болмок поез жол салып.элдергеда ыңгайлуу болмок.качан биздин мамлекет өнүгөт экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.