super.kg logo

Баткенде аткезчилик жол менен жүк ташып бара жаткан Кыргыз жарандары кармалды

 

Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жол менен жүк ташып бара жаткан айдоочулар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа аймагында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа чек ара кызматкерлеринин токтотконуна карабай качып кетүүгө аракет жасаган. Аны токтотуш үчүн милиция кызматкерлери автоунаанын артынан түшүп, Баткен-Ош жолуна жакынкы стационардык посттон кармаган.

Кармалган айдоочулар - 1991-жылы туулган М.А. жана 1983-жылы туулган К.Т. аттуу Кыргыз жарандары болушкан. Алар Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз 3000 килограмм жүзүмдү алып өтүүгө аракет кылышкан.

Буга улай ошол эле күнү Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасы аркылуу аткезчилик жүк ташыган жарандарды кармоо үчүн автоунаанын дөңгөлөгүнө ок чыгарууга аргасыз болгон.

“MAN үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаасы менен тажик тарапка мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан 1990-жылы туулган М.Н. жана М.С аттуу Кыргыз жарандары кармалган. Текшерүүдө унаага тийиштүү документтери жок 40 тонна көмүр жүктөлгөнү аныкталган. Алдын ала маалыматка ылайык, кармалган жүктөрдүн баасы 400 миң сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Керектүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жарандар менен жүктөр тийиштүү органдарга тергөө иштери үчүн өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.09.2021. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх, акча коп тапсак дегенде кандай гана жолго барышпайт. Кудайым бергенине канаат кылып, шугур кылсак болбойт бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: