Көзгө жаш алып! Кыргыз танкачылары Орусияда өткөн Танк Биатлонунда чемпион болушту
Кыргыз өлкөсүнүн жоокерлери Орусияда өтүп жаткан "Танк Биатлону 2021" эстафетасында чемпион болушту. Бул тууралуу аталган турнирдин сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда "АрМИ-2021" эл аралык оюндарынын алкагында өтүп жаткан Танк жарышынын финалдык оюну болуп өткөн. Анда Кыргыз танкчылары Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын танкчылары менен күч сынашып, жеңип алышкан.
Кыргыз жоокерлери жалпы оюндун жыйынтыгында марага 2 саат 16 мүнөт 51 секундда кирип келишкен. Мекендештер финалда көк түстөгү танк менен жарышка чыгышкан.
Эске салсак, Орусиядагы "Алабино" полигонунда өтүп жаткан Танк Биатлону 22-августта башталган.
Көзгө жаш алып! Кыргыз танкачылары Орусияда өткөн Танк Биатлонунда чемпион болушту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
10

О
Поздравляю с победой!
С вами можно гордиться!
УРА! УРА! УРА!
КЫРГЫЗСТАН ЧЕМПИОООН.