super.kg logo

4-күн. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун абалы айтылды

 

31-августта Манасчы Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн бою улуу баян айтууну баштаган. Бүгүн 4-күн. Манасчыга интернет желеси аркылуу баам салып турган күйөрмандар анын ден соолугуна кабатыр болуп, түрдүү пикирлерди жазышууда. SUPER.KG порталы манасчынын саламаттыгынан жана иштин жүрүшүнөн кабар алуу үчүн Гиннесске каттоо боюнча иштерди уюштурууну жетектеген Гүлзар Кокенова менен байланышты.

"Азыркы тапта көптөгөн мекендештерибиз манасчы Дөөлөт Сыдыковдун ден соолугуна кабатыр болушууда. Арасында бизди тилдеп жаткандары да бар. Уюштуруучулар тобу да жөнөкөй эл менен бирге манасчы үчүн күйүп-бышып жатабыз. Биринчиден, манасчынын ден соолугу жакшы. Өзүн жакшы сезип жатат. Бизде манасчынын ден соолугуна күнү-түнү баам сала турган медицина кызматкерлери бар. Бирок азырынча Дөөлөт Сыдыков алардын жардамына муктаж эмес. Экинчиден, айрымдар "эмне себептен эс алдырбай манас айттырып кыйнап жатасыңар" деген суроону узатышууда. Биз Гиннесске кирүү үчүн атайын түзүлгөн план менен иш алып барып жатабыз. Ал жерде качан туруп, качан эс алары жазылган. Мисалы, орто жолдо 15 мүнөт тыныгуу деген сыяктуу. Манасчы улам тына бербестен, ошол убакыттын баарын бириктирип, бир эс алып жатат. Курсагы ток. Керек болсо манас айтуу учурунда суу ичүү да каралган. Бирок манасчы улам дааратканага бара берүүдөн кооптонуп, суудан өзү баш тартты. Үчүнчүдөн, ал транска кирген же башка учурда аны себепсиз токтотпоону өтүндү. Ал өзүн колго алып, качан манас айтууну токтото турганын өзү билет. Мисалы, Кыргызстанда манас айтып жаткан учурда 14 сааттан ашкандан кийин аны токтотуп койгондо "дагы айтмакмын" деп капа болгон. Бул жагдайды да эске алдык. Негизгиси койгон максатына жетүү үчүн өзү абдан катуу аракет кылып жатат. Элде "эмне себептен Москвага барып манас айтып жатат?" деген суроо болушу мүмкүн. Бизге жеке эле Кыргызстандын эмес, дүйнөдөгү башка элдердин көңүлүн өзүбүзгө буруу керек болду. Бул тууралуу дүйнөдөгү ЖМКлар жазып чыгышы керек. Албетте, чет элдик өкүлдөр да бул тарыхый окуяга күбө болушу зарыл. Бул уюм тараптан коюлган атайын талаптар. Талаптарды так аткарышыбыз кажет. Манас айтууга В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, филология илимдеринин доктору, манас таануучу, профессор Жылдыз Орозобекова жана башка өкүлдөр күбө болушууда. Колдоп келген мекендештерибиздин аягы суюлбайт. Гиннесске каттоо боюнча документтерди топтогондо официалдуу өкүлдөрдүн көрсөтмөлөрү тиркелет. Убакытты тескеген атайын секундамер, манас айтуу процессин видеокамерага тарткан аппараттар манасчы эс алган учурда да өчүрүлбөй иштеп жатат. Булардын баары документке тиркелет. Манас айтылып бүткөн соң бир айдын ичинде документтерди Гиннесске жөнөтөбүз. Алар дагы шарт боюнча бул ишти 3 айдын ичинде карашат", - деп билдирди уюштуруучулардын бири Гүлзар Кокенова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(15)
03.09.2021. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Өлтүрүп албагыла..

Манас айтып, гиннеске кирди да дейли, анан эмне болот? Эмне пайда?
03.09.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Pankration_MMA,мунун Манас айтканы сенин коттунду тешип атабы?
03.09.2021. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз. Манас Атабыздын касиети, күчү колдогон үчүн тынбай айтып жатса керек. "Манас" кыргыз элинин материалдык жана руханий байлыгынын ичинен башкы орунду ээлейт. "Улуу Манас" кыргыз элдин жашоосунан кылымдарды карыткан маалыматтарды жана бир нече муундун көз карашын чагылдырган касиетүү илим. Манас дүйнөлүк илим жана андагы болгон окуя элибиздин акылына, дүйнө таанымына өзгөчө мыкты таасир берет
03.09.2021. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уулу Манас Атабыздын төрөлүшү, эреже катары, алдын ала айтылган жана бул миссияны кыргыз эли кылымдар бою чыдамсыздык менен күткөн. Демек Улуу Манастан өткөн пайгамбар, акылман, баатыр адам жок болушу мүмкүн. Манас Атабыздын касиети, руху колдосун деген кыргыздын маданий сөздөрү эл арасында кобүрөөк айтылса, мектептен кыргыз окуучуларга ушундай сөздөр көбүрөөк үйрөтүлсө эң сонун болоор эле.
ayzhan12 түзөттү 2021-09-03 20:57:54
03.09.2021. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,бок жепсин
03.09.2021. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Tyty1990,доопорос
03.09.2021. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayzhan12тоок мээ,
03.09.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Доолот байкеге Аллахым куч кубат берсин. Ойлогон ою,алдыга койгон мактаттары орундалсын.ИнШшАлла
03.09.2021. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Манас айтып рекорд койом деп киришиптир,ою ишке ашсын.Озу согласие берип Манас айтам дегенден кийин озу жооптуу,эч ким заставить этпесе керек,уюштуручулар алар жон эле уюштуруп берет да
03.09.2021. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Манас - бул улуу жана касиетүү илим. Муну ар бир кыргыз жараны тааныш керек. Ар бир кыргыз жараны Манастан илим алуусу керек. Кыргыз элинин тарыхы Манас илими менен тыгыз байланыштуу.

"Улуу Айкөл Манас элибизди колдосун" - деп элдин башын бириктире турган кыргыздын нукура маданий сөздөрүн көбөйтөлү, колдонолу, колдойлу.
ayzhan12 түзөттү 2021-09-03 22:43:03
03.09.2021. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayzhan12,озун "Манас" эпосун толук окуп чыккын, анан бул жактагыларга акыл уйроткун. Толук окуп чыксан, мусулман болосун, чачынды жайып, коё бербей, жоолук оронуп калмаксын.
03.09.2021. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asyl.jazi,
Жоолук оронуп, тумчуланып алгандан эч кимдин проблемасы чечилбейт
04.09.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzhan12,чачын жайып жургондон дагы эч кимдин проблемасы чечилбейт.
03.09.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,конул болбо. Жазгандарын катасыз орундуу экен байкашымча илимдуу адамсын. Бирок чач жай сулуулукту корсот деп мусулмандарга анын ичинен мага да ушу жагын менен жаман корунуп аласын. Болбосо жакшы адам окшойсун билимдуу.
04.09.2021. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bak.taalai, туура жазып, орундуу суйлоп койсо эле билимдуу боло калбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: