Ынтымак сейил багында куураган чөптөн өрт чыкты
Бишкектеги Масалиев көчөсүндө жайгашкан Ынтымак сейил багынын айланасында куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрт тууралуу маалымат кечээ кечинде саат 23:02де түшкөн. "ӨКМдан 1 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 23:40та өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.