КМШ оюндары: Кыргыз өлкөсү медалдардын саны боюнча 4-орунга жайгашты
Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргыз өлкөсү 4-орунга жайгашты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда улуттук курама команданын капчыгында 1 алтын, 4 күмүш, 11 коло медаль (бардыгы 16) бар.
Бүгүнкү күнгө карата байгеге ээ болгондор:
1. Темирхан Данияров (бокс) - коло.
2. Бектур Турдубаев (бокс) - коло.
3. Кутман Амангелдиев (бокс) - коло.
4. Алмаз Сманбеков (эркин күрөш) - күмүш.
5. Тайырбек Жумашбек уулу (эркин күрөш) - коло.
6. Икромжон Хаджимурадов (эркин күрөш) - күмүш.
7. Токтогул уулу Айбек (эркин күрөш) - коло.
8. Нуртилек Карыпбаев (эркин күрөш) - коло.
9. Адилхан Нурланбеков (грек-рим күрөшү) - коло.
10. Орункул уулу Бекзат (грек-рим күрөшү) - коло.
11. Раймалы уулу Нурманбет (грек-рим күрөшү) - коло.
12. Мирлан кызы Назик (эркин күрөш) - коло.
13. Калмира Билимбекова (эркин күрөш) - алтын.
14. Нураида Анаркулова (эркин күрөш) - күмүш.
15. Назира Марсбек кызы (эркин күрөш) - күмүш.
16. Нурзат Нуртаева (эркин күрөш) - коло.
Ал эми аталган рейтингде азырынча 1-катарда Орусия, андан кийинки орундарды Азербайжан, Беларусь, Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Молдова жана Армения ээлеп турат.
Эске салсак, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.

.Бир созду бир жылдан бери кайталайсын.Бироонун динине,кадыр-баркына шек келтирууго тыю салынат-деген супердин эрежеси бар.Ошон учун динге асылып жаза бербечи.
Казактарга коло кобуроок керек окшойт деген ой келип жатат. Олимпиадада да толтура коло утушту эле. Эми Казанда да ошондой ийгилик