super.kg logo

"Салмагы 40 килограмм". Тажикстанда ашкабак фестивалы болуп өттү

 

Тажикстандын Худжанд шаарында жүзүм, ашкабак, коон жана дарбыз фестивалы өттү. Фестивалга Деваштич районан келген багбан Хашим Обидов салмагы 40 килограмм болгон чоң ашкабактарды алып келген. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Фермердин айтымында, ал ашкабактын үрөнүн үч жыл мурун Орусиядан алып келген. Быйыл ашкабактын түшүмү мол. Бир жыл мурун бул фермер республикалык ашкабак фестивалында 51 килограмм салмактагы ашкабакты тартуулап, ашкабак өстүрүүчүлөрдүн арасында биринчи орунду алган. Быйыл дыйкан 90 килограмм салмактагы ашкабак өстүрүүгө жетишти. Бирок аны Ходженд фестивалына алып келген эмес, анткени ашкабак Дүйшөмбүдө өтө турган фестивалга жөнөтүлгөн.

Жергиликтүү бийлик жүзүм, ашкабак, коон жана дарбыз фестивалында бул фермерди жеңүүчү деп жарыялап, ага акчалай сыйлык тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
05.09.2021. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атын угузбагылачы сасыктардын өлүп кетишсин
06.09.2021. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мейличи ошол ашкабактардын ичин жеп сыртын каска кылып кийип Ооганстан менен атышып ойноп журоберишсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: