super.kg logo

Бишкекте аялды муунтуп өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды (видео)

 

Бишкекте аял кишинин өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү саат 09:10 чамасында 102 кызматына Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон жаран 1972-жылы туулган М.З. аттуу аял экендиги белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам териштирүү иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1991-жылы туулган И.Э. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иши башталган.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө мас абалында бул кылмышка барганын айтып, ортодо пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп салганын билдирген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: