super.kg logo

Ооганстандын жогорку окуу жайларында кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип окуй турганы айтылды

 

Ооганстандын жогорку окуу жайларында жана мектептеринде мындан ары кыздар никаб (мусулман кыз-келиндеринин жүзүн кошо жапкан баш кийим) кийип окушат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга чейин ооган бийлиги кыздар менен балдар өз-өзүнчө окуй турганын жарыялаган. Ал эми өзгөчө кырдаалдарда кыздар турган бөлмөнүн бөлүгүн көшөгө менен тосууга милдеттендирилген. Ошондой эле кыздарга аял мугалимдер же жүрүм-туруму жакшы болгон улгайган эркектер билим бере алат. "Талибан" кыймылы мындай кадам менен кыздарга коопсуз билим алуу чөйрөсүн түзүп берүүнү көздөп жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
06.09.2021. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ИнШаАллах бейиштей жерде жашаганыбызга. Тообо кылдым жакында аялдар дем албасын дешсе керек карангы талибтер.
06.09.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zumrudianka,бизде деле талибдерди үлгү туткан динсөрөйлөр жетишет. Ушул жол менен бара берсек биз да афганистан болобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: