super.kg logo
  Спорт  

"Экинчи алтын!". Нурманбет Раймалы уулу КМШ оюндарында алтын медаль алды

 

Кыргыз балбаны Нурманбет Раймалы уулу Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында бел боо күрөшү боюнча алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз спортчусу 100 килограмм салмак ченинде күч сынашып, жеңишке жетишкен. Бул мелдештеги кыргыз улуттук курама командасынын 2-алтын медалы.

Белгилей кетсек, Нурманбет Раймалы уулу буга чейин ушул эле оюндарда грек-рим күрөшү боюнча да килем үстүнө чыгып, коло медалды камсыздаган.

Эске салсак, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.

Ал эми аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан 13 спорт түрүнөн 150 спортчу катышууда.

КМШ оюндарынын артта калган 2 күнүндө 16 кыргыз спортчусу байгелүү орундарга жетишип, 1 алтын, 4 күмүш, 11 коло менен медалдык рейтингде 4-орунду камсыздап турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.09.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде азаматсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: