super.kg logo

"Эркектин көзүнчө чечинүүгө мажбурлап, аялуу жерлерди кармайт". Камактагы 5 аялдын арызы

 

Жалал-Абад облусундагы тергөө изоляторунда камакта отурган адам тергөө абагынын кызматкери тарабынан кысымга алынганын айтып арызданды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган изолятордон Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун өкүлдөрү кабар алышкан.

"№53 убактылуу кармоочу жайдын кызматкери Ж.М. (аял киши) тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адамдын кадыр-баркын басмырлоо, укуктарын одоно бузуу фактылар аныкталды. Абакта отурган беш аял анын аракеттерине нааразычылыктарын билдиришти.

Аялдардын биринин айтымында, кызматкер аны кысымга алып, аялуу жерлерин кармап, муну токтотууну суранганда, түрмө кызматкери "туткундарга так ушундай мамиле кылуу керек" деп орой түрдө сүйлөгөн. Ал эми башка аялдар кызматкер аларды кемсинтип, физикалык күч колдонуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбурлаганын айтып беришти.

Кармалгандардын биринин айтымында, ал душка түшкөнү жатканда эркек кызматкерлердин алдында чечинүүгө мажбур болгон. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салып, жеке буюмдарын берүү же бербөө керек экенин өздөрү чечип жүрүшкөн.

№53 тергөө изоляторунда кармоо шарттарын кошумча текшергенде, мекеменин медициналык бөлүмүндө мөөнөтү өтүп кеткен сегиз дары сакталып турганы аныкталган. Ашканадан дагы мыйзам бузуулар табылган. Бир адамга берилүүчү эттин нормасы сакталбай, күнүнө белгиленген 80 граммдын ордуна ар бир жаранга 15 граммдан ашпаган эт берилип келген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
06.09.2021. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ж.М(аял киши)деген кыматкер аялар аЯлдарга ыплас иш жазаганбы тушунбой калдым
06.09.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Jibani,Ж.М. аттуу аял киши камакта отурат, ошол аял киши арыз жазып атат деп тушундум
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a түзөттү 2021-09-06 13:07:56
06.09.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jibani,ооба аял кызматкер аялдарды шылдындап басмырлап атыптыр
06.09.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zumrudianka, рахмаат
06.09.2021. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Смотря кандай кылмыш иши менен кармалган аялдар?
07.09.2021. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар айтып койсо эле ишене берген болбойт. Кээ бир аялдар долуланып эле турушат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: