super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында “Расизмсиз дүйнө үчүн!" акциясы болуп өттү (фоторепортаж)

 
Акциянын катышуучулары
Акциянын уюштуруучуларынын бири Манас Саматов
Акциянын катышуучулары
Акция Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында өттү
Акциянын катышуучулары Бажы биримдигине да каршы экендиктерин билдиришти
Ошол эле учурда милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларынын аты-жөнүн тактап жатты
Акциянын катышуучусу, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров
Акция учурунда "Орус маршы токтосун" деген да чакырыктар айтылды
"4-ноябрь Орусияда Элдик биримдик күнү" деген плакат
Акциянын катышуучуларын милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып турушту
Акциянын соңунда Орусия элчилигинин алдына кара лента байланган гүлдөр коюлду

Бүгүн, 4-ноябрда  Бишкектеги Орусия  элчилигинин  алдында   “Расизмсиз дүйнө үчүн!”  аталышындагы  чакан  акция  болуп  өттү. Иш-чараны  уюштуруучулардын  бири  Манас Саматов: “4-ноябрда Орусияда  Элдик биримдик  күнү белгиленип, орус  маршы өтөт. Бирок  бул жалпы  орус элинин  эмес, улутчул скинхеддердин күнү.  Көптөгөн мигранттар мына  ошолордун  курмандыгы  болуп  калууда”,- дейт.  Ошол эле  тапта  укук коргоочу   Өндүрүш Токтонасыров баштаган  жарандык  коомдун  өкүлдөрү  “Орус маршы трагедия”, “Кыргызстандык мигранттар азаматтар”  деген жазуусу бар плакаттарды  колдоруна  кармашып, акцияга  кошулушту. Иш-чаранын  соңунда  акциянын  катышуучулары  Орусияда  улутчулдардын  колунан  курман болгон мигранттардын  элесине  деп  кара  лента  байланган  гүлдү Орусия  элчилигинин  алдына  коюшту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: