super.kg logo

Баткенде 5 кочкор уурдаганга шектелген жарандар кармалды

 

Баткенде 5 кочкор уурдаганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

28-август күнү Баткен районуна караштуу Рават айылынын 61 жаштагы тургуну үлүш жеринде турган 5 майда мүйүздүү кочкорун белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринин натыйжасында, жоголгон кочкорлорду Ош облусунун Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну Т.Н., Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну К.А., ошондой эле 23 жаштагы И.М. аттуу жаран ак түстөгү Мерседес-Бенц унаасы менен уурдап кеткендиги аныкталган. Шектүүлөр Баткен районунун аймагынан кармалып, унаасы Баткен РИИБинин короосуна киргизилген.

Жогорудагы көрсөтүлгөн өндүрүш ишинин алкагында унаанын ичинен 1 даана ок табылган. Бул иш боюнча 23 жаштагы И.М. Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.09.2021. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштон баткенге барып уурулук кылыпбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: