super.kg logo

"Дооматтын көчүрмөсү Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт". Ырчы Анжелика Баяна Куловага карата доо арыз жазды

 

Ырчы Анжелика Баяна Куловага карата доо арыз жазды. Бул туурасында ырчы менен кабарлашканыбызда белгилүү болду. Айтымында, Баяна Кулова жалган маалымат тараткан.

"Мен жөнүндө жалган маалыматты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган жеке пикирдеги посту үчүн арыз жаздым. Доо арыз каралоо жана жалаа жабуу беренеси менен катталды. Ошондой эле ал менин Түркиядан алган ыраазычылык катымды "түстүү принтерден чыккан кагаз" деди. Бул сыйлык берген тараптын нааразычылыгын жаратты, Түркиядагы тиешелүү жактар муну карашууда.

Баяна Кулова жалган маалымат таратканын моюнга алып, видео иретинде кечирим сурасын. Арыздын негизинде тиешелүү жазасын алсын, мыйзам жазылгандан кийин иштеш керек", - деди ал.


Ал эми Алания шаарында орун алган концерттик иш-чарада Анжеликага ыраазычылык баракчасын берген ассоциация дагы кайрылуу жасады. Анда Баяна Кулова посту Анжеликанын ар намысына жана кадыр-баркына гана эмес, Алания шаарынын мэриясынын маанилүүлүгүнө, өлкөлөр ортосундагы эл аралык дипломатиялык мамилелерге шек келтирери айтылат.

"Алания шаардык мэриясынын, уюштуруучу катары "Иракишдер" ассоциациясынын жана иш-чаранын башкы демөөрчүлөрүнүн бири катары Баяна Куловадан жана анын макаласын жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттарынан расмий кечирим суроосун талап кылабыз.

Баяна Кулова Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоону уюштурууга кошкон салымы үчүн мэр Адем Мурат Южел тарабынан жеке тапшырылган Алания шаардык мэриясынын ыраазычылык катынын баалуулугун, формалдуулугун жана мамлекеттик деңгээлинен күмөн саноого түрттү.

Биз бардык скриншоттору менен дооматыбыздын көчүрмөсүн Тышкы иштер министрлигине жана Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна жөнөтөбүз. Түркия Республикасы 3-пункттун бузулушун абдан катуу көзөмөлдөйт. 125 "Түркиянын мамлекеттик структураларынын жана жарандарынын ар намысын жана кадыр-баркын коргоо жөнүндө" түрк мыйзамдары, бул алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууну талап кылат", - дешкен ассоциациядан.

Өз учурунда Баяна Кулова ассоциациянын төрагасына, координаторлоруна жооп катары пост жазып чыкты. Айтымында, сын-пикирди жалгыз эле Анжелика айымга карата айткан. Уюштуруучулар жөнүндө бир ооз сөз болгон эмес.

Буга чейин ырчы менен Баяна Кулова социалдык тармактагы посттор аркылуу кайым айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
06.09.2021. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Сериал башталды.Анжелика опять!
06.09.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Блиин анжелика, эч эле тынч жашабайт экенсиңда. Только ыйламай, пиар, арызданмай. Ушинтип жатып артист болгончо, көчөгө чыгып тилемчи болуп кетсең эң жакшы болмок.
06.09.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Коптон бери пиар кылбай калды эле, соонун полду деп олтурса керек Анжелика, уруша элек адамды мен эле калдым окшойт
06.09.2021. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул кыз(Анжелика)тажатты окшойт баарын.Баяна дегени Анжеликанын ошол грамотаны алганынан шек санап, жасалма деп атыптыр. А бул кыз болсо тимеле ошол туркторго чейин арызданып журот силерди антти-мынтти деп. Аларындын грамотасынын денгеелине эч кандай шек келбей эле турат го! Жон гана сенин ошого татыктуу экенине ишнбей атат бул айым. Бироолорду ортого салып, кайраштырып чатак чыгармайын жон журо албайт экенсин да сен бети жок!!!
06.09.2021. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Принетерден чыккан кагазга таза ызылдадыго бул шуркуя
06.09.2021. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Грамота принтерден чыкпаганда каяктан чыгат?Мага табышмак болгону,туркторго Баяна Кулованын жазганы кайдан жетти?
Анжелика аларга өзү айттыбы?Же түрк таанышы барбы?Бул жерде да сыр бар.
Кыскасы,наам албай калганыңа ушунчалык ызы-чуу кылсан жакшы аял эмес экенисиң.
06.09.2021. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Арыздан башы чыкпай койдуго Анжелика эч тынчыбадыго Супер силерге бул кыздан башка адам жокбу чыгара турган
06.09.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушул да жаңылыкты?
06.09.2021. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыздар баш которгонун буттан тартат,Бир биринин артын чукуйт десе жаман корчумун жаш кезде.Эми жылдан жылга ошол соз туура экенине козум жетип барат.Ошол кыздай иштегенде баарын эле умут кылмаксын жок дегенде грамота.Негизи Баяна деген коралбастык эле кылып атат.Анжелика былтыр пандемия убагында кылган эмгегин элдин баары эле коргон.эми баары эле эштеке корбогонсуп артына суу куюшат.биз ушундай эл экенбиз.каяктан жаза басат деп андып эле турабыз.
06.09.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул айгырды ким тыят экен тойгоздуго,жиндиканага жаткырып келиш кк окшойт.
07.09.2021. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунан эч нерсе келбегендер бирөөнүн ийгилигин көрө албайт жана артынан жаман сүйлөйт.
07.09.2021. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ичинер күйсө түз жалагыла. Ушул кыздын бир күндүк тапканын эркек башыңар м-н бир айда иштеп таба албайсыңар. Колуңардан телефондо катындар менен айтышуу гана келет
07.09.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баяна Кулова деген айгырдан айырмасы жок неме,мыйзам чегинде жазасын алсын анкылдап ар кимге айгыр эшек боло бербей!!!Саясатчыларды жамандап бутуп эми Анжелика калыптырбы!!!!Ырас кылат, мурдунан суусун агызсын,оозум бар деп эле суйлой бербесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: