Ырчы Анжелика продюсерлик кылган телесериалда Мерьем Узерли башкы ролду жаратуусу күтүлүүдө




Белгилүү немис-түрк актрисасы Мерьем Узерлини ырчы Анжелика телесериалга тартууну пландоодо. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр болуп жатканы Анжелика айым тарабынан белгилүү болду.
"Мен продюсерлик кылган телесериал жакында экранга чыгат. Алдыда реалдуу жашоону баяндаган дагы башка телесериал тартууну пландап жатабыз. Анда дагы продюсер болом. Ошол сериалда башкы ролду Мерьем Узерли жаратса деген планым бар. Белгилүү актриса сценарий жакса тартылууга макулдугун белгиледи. Азыркы тапта гонорар жана башка маселелерди сүйлөшүп жатабыз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келип, маалымат жыйын өткөрдү.
Анда ырчы Анжелика Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлорго катышуу үчүн берген сунушу боюнча актрисанын оюн сурады. Өз кезегинде Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлордо кандайдыр бир образга кубануу менен тартыларын билдирди.
кошулду

Котормочулар аккуратно которбой эле Анжелика удургуп алса керек. Биздин киного тартылмак беле, анын гонорарын эч ким толоп бере албайт
Орустарда жакшы соз бар "Никого не слушай, особенно людей" деген.
Вперееед красавица.
Бирок көрпөңө карап бутуңу сунганың жакшыго дейм.