super.kg logo
  Саясат  

КРнын Президенти: "Бажы кызматына тартип орнотуп, 3 "Кумтөргө" барабар киреше таптык"

 

Бүгүн, 4-ноябрда өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү баштап жатып, анын канчалык терең тамырлап кеткенин, өлкөдөгү уурулуктун масштабдарын толук элестете албаганын айтты. Өлкө башчы төмөнкүдөй мисал келтирди.

 

“2008-жылы Кыргызстанда 18,7 миллиард сом бажы төлөмдөрү чогултулган. 2009-жылы бул көрсөткүч 14,2 миллиард сомду түзгөн. 2010-жылдын апрелинен кийин бажы кызматынын жаңы жетекчилиги сөз эмес, иш жүзүндө коррупцияга каршы күрөшө баштады. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 36 миллиард сомду түзөт деп жатабыз. Ошентип, бажы төлөмдөрү 3,5 жылда 2,5 эсеге өстү, акчалай алганда 22 миллиард сомго көбөйдү”,- деди Атамбаев.

 

“Кумтөрдөн” жыл сайын бюджетке 7 миллиард сомго жакын акча түшөрүн айткан президент: “Бир гана бажы кызматына тартип орнотуп, 3 “Кумтөргө” барабар экономикалык натыйжага жетиштик”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: