super.kg logo

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган китеп жазды

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган “Адилетүү дүйнө мүмкүн” аттуу китеп жазды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы китебинде дүйнөлүк саясаттын көйгөйлөрүнө, тактап айтканда адилетсиздикке, эл аралык террорчулукка, миграциялык кризиске, дискриминацияга жана кош стандарттарга басым жасайт.

Ошондой эле Эрдоган БУУнун Коопсуздук кеңеши түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө муктаж деп эсептейт. Анын айтымында, Түркиянын максаты кимдики туура болсо ошол күчтүү, ким күчтүү болсо ошонуку туура дегендик эмес сындуу системаны орнотуу керек.

Мындан тышкары өткөн мезгилдин талаптарына ылайык түзүлгөн институттар аркылуу заманбап көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес, анын үстүнө бул институттар жаңы көйгөйлөрдү жаратарын кошумчалаган.

“Адилеттүүлүк дүйнөлүк тартипти, дүйнөнүн куткарылышын жана анын бактысын камсыздайт. Адилеттүү дүйнөнүн калыптанышы үчүн ишенимдүүлүк менен үмүттү камсыздаган глобалдуу тартип керек”, - деген Эрдоган.

Белгилей кетсек, англис, араб, немис, француз, орус жана испан тилдерине которулган китептен түшкөн бардык каражат Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына берилет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
08.09.2021. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде туура которгулачы айланайындар
08.09.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи кыйын лидер ушул Эрдоган
Ички саясатын го айталбайм бирок тышкы саясатта дайыма мусулмандардын талабын талашып туура масалени которуп чон державалар менен тен ата суйлошот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: