super.kg logo

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип аял киши кармалды

 

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 26-январь күнү Биринчи Май РИИБине арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал М. аттуу аял 1-апрелде анын ишенимине алдоо жолу менен кирип, Өзбекстандан көп сандагы медициналык кол кап алып келип берүүнү убадалап, анын 12 миң доллар акчасын алып, андан ары из жашырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү катары 1989-жылы туулган М.А. аттуу аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Ал эми сот шектүү аялдын баш коргоо чарасын карап чыгып, үй камагына чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: