super.kg logo

Лондондо император Наполеон Бонапарттын баш кийими аукционго коюлду

 

Англиянын борбору Лондон шаарында тарыхтагы белгилүү император Наполеон Бонапарттын баш кийими аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул баш кийим буга чейин Наполеон Бонапарттыкы делинип аукционго коюлуп жүргөн баш кийимдерден бир топ өзгөчөлөнөт. Себеби алардын көбү император менен байланышы бар тектүү үй-бүлөлөргө же аскерлерге мураска калган баш кийимдер болгон.

Ал эми бул баш кийимдин эскилиги Наполеон Бонапарттын жашы менен тең экендигин изилдөөлөр так көрсөткөн.

"Баш кийимди кылдат текшергенде андан 5 тал чач табылган. Алардын экөөсү лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлүп, императордун ДНК издери аныкталган", - деп билдирген Лондондогу аукцион үйүнүн директору Саймон Котл.

Азырынча баш кийимдин баштапкы баасы 100 миң фунт стерлинг (12 миллион сом) экендиги кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: