super.kg logo

Ошто өрт кырсыктарын азайтуу жаатында жыйын өттү

 

Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарындагы өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын №12 аскерлештирилген бөлүмүндө кышка даярдык боюнча жыйын өттү. Жыйынга өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин кызматкерлери, Ош шаарындагы айыл аймактарынын жана кварталдык комитеттердин башчылары катышышты. Аталган жыйын Ош шаарында өрт кырсыгын азайтуу максатында шаар тургундарынын арасында кварталдык комитеттердин башчылары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Жыйындын жүрүшүндө шаарда былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өрт кырсыктары көп катталганы белгиленип, анын көпчүлүк бөлүгүн турак үйлөрдөгү чыккан өрт түзгөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары өрт өчүрүүчүлөр  шаардагы кээ бир көчөлөрдүн аттары, үйлөрдүн номерлери жазылбагандыктан жана үйлөрдүн арасындагы өрт өчүрүүчү автоунаа өтүүчү жолдорго дүкөндөрдүн мыйзамсыз орнотулушу тоскоолдуктарды жаратарын белгилешти. Жана буга кварталдык комитеттердин башчыларын жакындан көмөк көрсөтүүгө чакырышты. Соңунда катышуучуларга өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча атайын даярдалган китепчелер таркатылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: