Кыргыз өлкөсү - Бангладеш беттешине аткаминерлерден кимдер келди?




7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп жаткан "Үч улут Кубогунун" алкагындагы Кыргыз өлкөсү Бангладеш курама командасы менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңип алды.
Бул оюнду стадиондон көрүүгө өлкө башчы Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек келди.
"Үч улут Кубогунун" алкагында 2-сентябрда өткөн оюнда "Ак шумкарлар" Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.