Чүйдө токойдон өрт чыгып, 40 гектар аянты күйүп жатат
Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн жана чычырканактан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.
Өрттү өчүрүүгө 28 куткаруучу, токой чарба кызматынан 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды. Куткаруучулар саат 20:00дө жерине жетишти.
Кошумча маалымат берилерин белгилешти министрликтин басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.