Бишкекте жол кырсыгынан үч адам жабыркады




Бишкек шаарында жол кырсыгынан үч адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жукеев-Пудовкин менен Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Бенц жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек (1973-жылы туулган Ч.Т., 2000-жылы туулган Н.А.) жана 2007-жылы туулган Н.А. аттуу кыз жеңил жаракаттарды алышкан.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.