super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-СЕНТЯБРЬ: Белгилүү актёр Марат Козукеев тирүү болгондо 51 жашка чыкмак

 

Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, театр ишмери Марат Козукеев жарык дүйнөгө келген. Актёр тирүү болгондо быйыл 51 жашка чыкмак. Ал 2017-жылы кант диабетинен улам жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Актёр Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр болуп эмгектенсе, апасы Кандалат Муратова ушул эле театрда режиссёрдун жардамчысы болуп иштеген.

Марат Козукеев 1988-1992-жылдар аралыгында Ленинграддагы Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн.

Мекенине кайтып келген соң Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында иш алып барган. Андан кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси катары өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген.

Белгилүү актёр театр чөйрөсүндө бир катар спектаклдерде роль жаратып, айрымдарында режиссёрлук кызматты да аркалаган. Ал эми кино тармагында "Аталар керээзи", "Гаишниктер", "Кокуй кошуна" сыяктуу тасмаларда жараткан образдары менен көпчүлүккө таанылган.

8-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: