Паралимпиада: Арстанбек Базаркулов өлкөгө кайтып келди
Токиодо өткөн Паралимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон мекендешибиз Арстанбек Базаркулов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча малекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчуну аталган агенттиктин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Жаныбек Бейшебек уулу жана спортчунун жакындары тосуп алышты.
Белгилей кетсек Токиодо өткөн XVI Паралимпиадалык оюндарда Кыргыз өлкөсүнүн намысын пара дзюдочу Хайитхон Хусан кызы жана ядро түртүү боюнча чебер Арстанбек Базаркулов коргошту.
Паралимпиадалык оюндар Токио шаарында 24-августта башталып, 5-сентябрь күнү жыйынтыкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.