Дональд Трамп АКШда 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болушу мүмкүн
АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп 2024-жылы АКШда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Трампка жакын болгон булактарга жана республикалык партиянын мүчөлөрүнө таянуу менен жазып чыгышты.
“Мен аны шайлоого 99 пайыз ишенимдүү түрдө катышат деп айта алам. Себеби биз жакында эле бул тууралуу сүйлөшкөнбүз”, - деп билдирген экс-президенттин мурдагы басма сөз катчысы Жейсон Миллер.
Ошондой эле Трампка жакын булактар анын шайлоого катышууга болгон кызыгуусуна Ооганстандагы окуялар, пандемиянын күчөшү жана учурдагы президент Жо Байдендин рейтингинин төмөндөшү себеп болду деп эсептешет.
Мындан тышкары Бостондогу Эмерсон колледжинин жүргүзгөн сурамжылоосу боюнча, калктын 67 пайызы Трамптын саясатын колдоорун билдиришкен.
Ал эми Дональд Трамп азырынча президенттик амбициясын так ачыктай элек.
Эске салсак, өткөн жылы ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоого Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышып, ага 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болгон.




1 |