"Мүмкүнчүлүктү пайдаландым". Ырчы Сания Түркиядан сыйлык алды





Түркиянын Стамбул шаарында жашап, окуп жаткан ырчы Сания "Эл аралык саммиттин сыйлыктары-2021" сынагында "Келечектеги алгачкы чет элдик ырчы" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу ырчыга байланышканыбызда белгилүү болду.
Анын айтымында, ага сынакка катышууга сунуш түшкөн.
"Биз буга чейин эки клип тарттык. Мага аталган сынакка катышуу тууралуу сунуш түштү жана мен бул мүмкүнчүлүктү пайдаландым. Мен чын эле жеңдим", - дейт ырчы Сания.
Ал сынакта "Oyna" аттуу ырын ырдаган.
Эске салсак, буга чейин ырчы Түркиядан "Bir anda" аталышындагы ырына клип тарттырып, ага 7 миң доллар каражат сарпталганын билдирген. Мындан тышкары ал түрк сериалдарынын бирине тартылып, чыгармачылыгын аталган өлкөдө улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Азыр айбандар толуп кетти. Аялдарды дайыма жамандай беришет. Тескерсинче ушундай сулуу, жагымдуу аялдарды колдогондун ордуна жамандап.
Кыргызстанда ырчыларды,жылдыздарды эң жакшы баалайт.Бирок бизде кээ бир таланттуулар ырчылык менен гана алектенбей,хайп жаратып,элди тажатып жатпайбы.Анан мени көрө албайт,бут тосуп жатат деп чыгышат.Атактуулукту да туура пайдаланса жакшы.Кыргыз эли ырчыларды баалаганды билет.