super.kg logo

"Чатырлар тигилип". Кеминдеги өрттү өчүрүүгө 300дөй адам катышууда

 

Кемин районундагы тоонун коктусунан чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз-Ала тоосундагы Көк-Жар, Борду коктуларындагы карагай-арчалардагы өрттү өчүрүүгө 4 офицердик курам жана Кемин, Чүй, Токмок аймактык өрт өчүрүүчү куткаруучулары болуп жалпы 50 кызматкер жана 30 куткаруучу иштеп жатат. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан болжол менен 100 адам, анын ичинен 20 атчан, Кемин РИИБинен 30 кызматкер, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен (ГКЭК) 80 кызматкер жана Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер тартылган. Ошондой эле 2 даана 20 кишилик чатыр тигилди", - деп билдиришти ӨКМдан.

Буга чейин ӨКМ Кеминдеги өрт жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккандыгын кабарлаган.






Токой өрттөнүп жатат

Кеминде токой өрттөнүп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.09.2021. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өрт өчүргүч тик учактан алып койсо ушинтип элдида убара кылбайт болчу. Миллион, миллиарддарды каяктагы той-топур, юбилейлерге жумшабай, учак алгыла!!!
08.09.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка мамлекеттегидей ири токой күйсө кол менен кантип өчүрөт. Вертолет алып коюшпайбы. Тик учак 100 кызматкердин жумушун аткармак.
08.09.2021. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тик учактын баарын,охотага чыгып кыйратып бүтүшкөнго,эми дагы деле максаттуу пайдаланышпайтта биздикилер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: