super.kg logo

Чүйдө бычактан жаракат алган эркек киши ооруканада каза болду. Шектүү кармалып камакка алынды

 

Чүй облусунун Чүй районунда киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканадан 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылган. Бирок 7-сентябрь күнү ооруканадан каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштеринде маркум бычактан алган жаракатынан улум каза болгондугу такталып, чогултулган материалдын негизинде бул факты "адам өлтүрүү" беренесине которулган. Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында, бул кылмышка шектелип 1975-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: