super.kg logo
  Спорт  

Казакстан, Өзбекстанда кандай? Интернет колдонуучулар Паралимпиададан келген спортчуларды тосуп алууга нааразы болду

 

Социалдык тармактардын колдонуучулары Токиодо өткөн Паралимпиада оюндарында өлкө намысын коргоп, мекенине кайтып келген кыргыз спортчуларын тосуп алуу иш-чарасы салкын маанайда уюштурулуп, көңүл кош мамиле жасалганына нааразы болушууда.

Анда Кыргыз өлкөсүн Паралимпиададан келген спортчуларын салтанаттуу түрдө тосуп алган коңшу Өзбекстан, Казакстан, ошондой эле Азербайжан өлкөлөрү менен салыштырышкан.

Белгилей кетсек, Япониянын Токио шаарында өткөн XVI Паралимпиадалык оюндар 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталган. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2 спортчу, тактап айтканда пара дзюдочу Хайитхон Хусан кызы жана ядро түртүү боюнча чебер Арстанбек Базаркулов катышкан.

Тилекке каршы, Хайитхон Хусан кызы алгачкы беттешинде казакстандык спортчуга жеңилип, мелдештеги жүрүшүн жыйынтыктаган. Ал эми Арстанбек Базаркулов ядро түртүү боюнча мелдеште 10-орунду камсыздаган.

Кыргыз өлкөсүндөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы дзюдо федерациясы соцтармактагы расмий баракчасына Паралимпиададан кайтып келген Хайитхон Хусан кызын аталган федерациянын өкүлдөрүнөн башка эч ким тосуп албаганын жазып, сүрөт менен бөлүштү. Ошондой эле мындай кайдыгерликке салыштыруу иретинде коңшу өлкөлөрдөгү пара спортчуларды тосуп алуу иш-чарасында тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Өзбекстандагы Паралимпиададан келген спортчуларды тосуп алуу салтанаты:

Азербайжанда Паралимпиададан келген спортчуларды тосуп алуу салтанаты:
Кыргыз өлкөсүндө Паралимпиадага катышкан спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы:
Хайитхон Хусан кызын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы дзюдо федерациясынын өкүлдөрү гана тосуп алган.
Ал эми Арстанбек Базаркуловду Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары жана жакындары тосуп алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
08.09.2021. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жөнөткөнүбүздү деле унутуп калыптырбыз,келиштиби?
Жыйынтык кандай,эмне болду.Ах черт,мейли эми.Кийинкиде ийгиликтер болот.-деп айтышатта.
08.09.2021. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап, кыргыздар уктап жаткан маалда келипсинер да.
09.09.2021. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хабиб менен Мерьем Узерли келгенде коттун жалаб ийе жаздашты элего, оз жарандарын ошондой тосуп алганга жарабаган экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: