super.kg logo

Сокулукта унаанын терезесин сындырып, 3 миң доллар акчаны алып кеткен шектүүлөр кармалды. Алардын башка иштерге тиешеси бар экени аныкталды

 

Чүйдүн Сокулук районунда унаанын терезесин сындырып, ири суммадагы акча уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 50 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылган. Анда 6-сентябрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз бирөөлөр анын Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаасынын терезесин сындырып, ичинен 3 миң доллардан ашуун акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИББинин жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 27 жаштагы К.Т. жана 28 жаштагы Б.У. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү учурунда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: