super.kg logo

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Японияга сотко чакырылды

 

Япон соту Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды Японияда жашаган бир нече этникалык корейлердин компенсация талаптарын кароо үчүн сотко чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, Түндүк Кореядан качкын макамын алган 5 жаран Түндүк Корея өкмөтүнө каршы компенсация төлөтүү үчүн Токионун райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Алар Түндүк Кореядан көчүрүү программасынын алкагында дуушар болгон адам укуктарынын бузулушу үчүн ар бири 100 миллион иен өлчөмүндө компенсация талап кылышууда.

Ким Чен Ын соттук отурумга 14-октябрда барышы керек.

Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жана учурунда 93 миңге жакын этникалык корей Японияга шахталарда жана фабрикаларда иштөө үчүн күч менен жеткирилген. Анткени Япония 1910-1945-жылдары Корея жарым аралын көзөмөлдөп турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.09.2021. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уруп ойнойбу Япония сотко чакырса бара калат имиш
09.09.2021. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сотко барып кел деп атом бомбасын жөнөтүп жиберсе көрөсүңөр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: