Баткенде 15 жаштагы өспүрүм 2 күндөн бери дайынсыз болууда. Куткаруучулар аны тоо тараптан издөөдө
Баткенде 15 жаштагы өспүрүм 2 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Куткаруучулар аны тоо тараптан издеп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, 6-сентябрь күнү Кадамжай шаарынын 2006-жылы туулган Д. уулу Ө. аттуу тургуну үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
"7-сентябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 11 куткаруучу тартылып, саат 18:20да издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө иштери улантылып, 11 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















