Кытай бийлиги ооган элине жардам катары 30 миллион доллар бөлүп берет
Кытай бийлиги Ооганстанга 200 миллион юань (30 миллион доллар) өлчөмүндө каражатты жардам катары берет. Мындай маалымат Кытайдын тышкы иштер министри Ван Иге шилтеме берүү менен чет элдик басылмаларда жазылды.
Ага ылайык, мындай билдирүүнү кытай дипломаты Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышкан онлайн жолугушууда айткан.
Анын айтымында, бул каражат ооган элине учурда зарыл болгон медикаменттерди жана вакцина сатып алууга бөлүнөт. "Кытай бийлиги ооган элинин бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоого ар дайым даяр", - деген Ван И.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.