super.kg logo

Казакстанда жубайлар ажырашкандан кийин бири-бирине берген сеп менен калыңды кайтарып алуу үчүн сотко кайрылышты

 

Казакстандын Темиртау шаарынын сотуна экс-жубайлар баш кошкондо бири-бирине берген сеп жана калыңды кайтарып алуу үчүн доо арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Алгач сотко доо арыз менен келин кайрылган. Анда ал турмушка чыгып жатканда ата-энеси тарабынан берилген септи мурдагы жолдошу кайтарып берүүсүн талап кылган. Андан көп өтпөй мурдагы жолдошу үйлөнгөндө жубайына берилген калыңды кайтарып берүү өтүнүчү менен сотко арыз жазган.

"Сотто бул сыяктуу иштер сейрек кездешет. Ошондуктан мындай талаштарды чечүүнүн бирдиктүү практикасы жок. Мындан улам бул кайрылуу эки тарапты тең канааттандыра тургандай жол менен чечилди. Соттун чечимине ылайык, жолдошу мурдагы жубайына септи кайтарып берүүсү милдеттендирилди. Ал эми келин мурдагы жолдошуна калыңдын жарым баасын төлөп бериши керек", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
09.09.2021. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир таанышым ушундай окуяга туш болгон.Колунан келсе мен кандай келсем бул уйго ,ошондой жеткире алса гана кетем деп женип кеткен эле куйоосун.Айыл аксакалы куйоосуно талапты аткара албайсын,кааласан озун чыгып кет уйдон деген го,арга жок жашап калган.
09.09.2021. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит туура кылыптыр.
09.09.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нег зи кыз оокатын алып кетет. Бул илгертен эле келе жаткан корунуш. Эркек калынын албайт. Катынчылык болуп калыптыр бул жагы. Кыргыздарда деле толтура сеп талашып жургондор
09.09.2021. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошончо ажырашыптыр, эми калынды кайра сураганы туура эмес. Эркек башын менен септи эмне кылмаксын, берип койда аялдын буюмдарын. Ал эми берген калынын ал аялдын акысы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: