super.kg logo

Ооганстандын мурунку өлкө башчысы Ашраф Гани ооган элинен кечирим сурады

 

Ооганстандын экс-президенти Ашраф Гани ооган элинен өлкөдөн чыгып кеткени жана ошол учурдагы кырдаалды өзгөртө албаганы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасына жазган.

"Кабулдан кетүү мен үчүн эң оор чечим болду. Бардыгы трагедия менен аяктаганы үчүн ооган элинен кечирим сурайм, баарын башкача бүтүрө албадым. Мен болгону өлкөдө 1990-жылдагы болгон жарандык согуштагыдай кан төгүү орун алышын каалаган жокмун", - деп билдирүү калтырган ал.

Ашраф Гани ошондой эле чоң суммадагы акчаны өлкөдөн алып чыккандыгы тууралуу маалыматты төгүндөгөн.

"Коррупция - бул ондогон жылдар бою биздин өлкөнү кыйраткан чума. Ал эми аны менен күрөшүү президент катары менин көзөмөлүмдө болду", - деген ал.

Ал мындан тышкары ооган аскерлерине жана алардын үй-бүлөсүнө акыркы 40 жылдык согушта өлкө үчүн өз өмүрлөрүн курмандыкка чалгандыктары үчүн ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, Ооганстанды 2014-жылдан бери жетектеп келген Ашраф Гани 15-август күнү "Талибандар" Кабулга киргенде отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.09.2021. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооган эли кечирбейт болуш керек
09.09.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бу дагы атамбайдын бир түрү окшойт
09.09.2021. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болду эми .окту жешиңи жеп алып өлүмүштөнө бербе. 300 000 дей армияң менен 30 миң талибандарды сапырып салсаң боло, картайып эмне кылышыңдыда билбей калдыңда. Же жаштарга бербейсиңер, же өзүңөр эптей албайсыңар ёлкилер!
10.09.2021. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-312,жазганынды окуй тургандай жазыпсында. Окуп калар эми оган экс призиденти
09.09.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ооганда бийлике молдолор келип алды. Аялдарга айбанча мамиле башталды. Орто кылымдагы диний тартип менен олко онукпойт
09.09.2021. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alimbek94,Сен молдо деген создун маанисине жетпесен айтпай эле кой.Эгер кыргызстанда ар бир уй було чыныгы молдонун уй булосундой болсо баарыбыз бактылуу жашамакпыз.Молдо деп влган илими,билими, кылган иштерине туура келгендер же суннотко бекем болгондо,суннот менен жашаган адам эч качан кем болгон эмес и болбойт дагы.А сен билген молдолорду чала молдо дейт,сенин эле шериктерин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: