super.kg logo

АКШ "Талибан" кыймылынын эл аралык коомчулукта баркы жок деп эсептейт

 

АКШ Ооганстанда бийликти колго алган талибдерди эл аралык коомчулукта кадыр-баркы жок деп эсептейт. Бул тууралуу Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жен Псакиге таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бул администрацияда президент дагы, улуттук коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлер дагы талибдерди дүйнөлүк коомчулуктун кадырлуу мүчөлөрү деп эсептебейт. Алар буга татыктуу эмес жана биз бул өкмөттү тааный турганыбызды жарыялаган жокпуз", - деп билдирген маалымат жыйында Жен Псаки.

Ошондой эле Псаки жаңы ооган өкмөтү убактылуу министрлер кабинети экенин, анын курамы "Талибан" кыймылынын мурунку жана азыркы мүчөлөрүнөн турарын кошумчалаган.

Ал белгилегендей, АКШ келечекте талибдердин аракеттерин көзөмөлдөйт жана кандайдыр бир чечимдерди кабыл алат. Биринчи кезекте Ооганстандан өз жарандарын кайтарып алуу иши каралышы керектигин айткан.

Эскерте кетсек, АКШнын президенти Жо Байден Кытай, Орусия, Пакистан жана Иран Ооганстанда бийликке келген талибдер менен келишим түзүүгө умтулуп жатканын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
09.09.2021. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүңөр түзүп алып өзүңөр жамандай бергиле!
09.09.2021. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жакында Талибандар хит боло баштайт : мусулманча дават кылып койсо видеодо.Биз фанатик болуп жатып калабыз.Интернет жылдыз кылып жиберебиз иншАллах
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: