Сокулукта чала таанышынан 6 баш жылкыны алып, андан ары из жашырган шектүү кармалды
Чүйдүн Сокулук районунда 7-сентябрь күнү алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине М.Н. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы ишенимине алдоо жолу менен кирип, андан 6 баш жылкысын алып из жашырып кеткенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Ыкчам тергөө тобу бул ишке шектүү катары 40 жаштагы Б.М. аттуу Чүй облусунун тургунун кармашкан. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.