super.kg logo

Сыймык Бейшекеев: "Бүгүн туулган күнүмө карата апама арнап жаңы ырымды тартуулайм"

 

Ырчы жана обончу Сыймык Бейшекеев бүгүн, 9-сентябрда туулган күнүн Кыргыз улуттук филармонияда чоң концерттик программа менен өткөрөт. Бул тууралуу ырчы менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Анын айтымында, чыгармачыл чөйрөдөгү достору, санаалаштары, шакирттери жана эстрада ырчылары концертке катышып, жагымдуу маанай тартуулашат.

"Туулган күнүм жылдагыдай эле жакындарымдын, досторумдун жана шакирттеримдин курчоосунда өтөт. Быйыл дагы туулган күнүмө карата жеке концертимди тартуулаганы турам. Концертимде жаңы ырлар жана көркөм окуулар жаңырат. Билгениңиздердей, мен ырдагандан тышкары ыр жазуу дараметим бар. Мына ошол обонсуз ыр түркүмдөрүнө дагы күбө боло аласыздар", - дейт ырчы.

Мындан тышкары концертте апасынын 70 жаш курагына арналган "Куттуу болсун, апа сиздин 70" аттуу жаңы ырын тартуулай турганын, ошол учурда клиптин съёмкасы болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеев Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында жарык дүйнөгө келген. Ал "Көлдүк кыз”, "Сары жалбырак", "Шириним", "Сары кыз", "Энеке", "Сүйүү, сүйүү", "Түнкү жылдыздар" жана башка ырлары менен элге таанылган.

Сыймык Бейшекеев бүгүн, 9-сентябрда 47 жашка толду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.09.2021. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх Сыймык байке сиз деле 50го чамалап калган турбайсызбы. Сиз жаңыдан чыкканда сиздин ырларыңызды ырдап ошол ырлар менен чоңойдук го. Узак өмүр чың ден-соолук бактылуу жашоо каалайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: