super.kg logo

MegaCom Бишкек ШИИББине жана шаардык мэриясына коопсуздук жаатында колдоо көрсөтөт

 

Заманбап санарип технологияны киргизүү боюнча мамлекеттин өнөктөшү болгон MegaCom мобилдик оператору компаниянын стратегияларынын ажырагыс бөлүгү болгон корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизүүгө активдүү катышат.


Бүгүн, 9-сентябрда борбордук муниципалитетте Бишкек шаардык мэриясы, баш калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана «Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы өттү.

Тараптар видео көзөмөл системаларын орнотуу жана инфраструктура объектилерин модернизациялоо, анын ичинде борбор калаадагы көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча долбоорду ишке ашырууну максат кылышты. Бул демилге Бишкек шаарындагы кылмыштуулуктун өсүүсүн төмөндөтүп, ошондой эле шаардыктардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздайт.

Муну менен катар Бишкек мэриясы жана ШИИББи уюштуруу иштерине жоопкерчилик алып, инфраструктура үчүн көп функционалдуу объектилерди орнотуучу орундарды аныктоо иштери менен алектенишет. MegaCom компаниясы өз кезегинде, объектилерди орнотуу жана тургузуу, видеокөзөмөл системаларын байланыш менен камсыздоо, ошондой эле жабдуулардын андан аркы эксплуатациясын көзөмөлдөө иштерине жардам көрсөтөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: