Баткенде тоо тарапка кетип дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды



Баткен облусунда тоо тарапка кетип дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"6-сентябрда Кадамжай шаарынын тургуну 2000-жылы туулган Д уулу Ө. аттуу эркек бала үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 7-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин ӨКМнын куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлуп, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү учурунда жогоруда аталган жарандын жансыз денеси Кадамжай шаарынын четинен агып өткөн Нургазиев каналынан ИИМдин кызматкерлери тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.