Ысык-Ата районунда арактын айынан бир жаран экинчисин таш менен башка чаап өлтүргөн
Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрь күнү Ысык-Ата РИИБине райондук ооруканага 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын жансыз денеси алынып келингени туурасында маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында ошол эле күнү кылмышка шектелип, 1977-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну Ж.Ж. кармалган. Анын айтымында, 2-ноябрь күнү экөө арак ичишкен. Анан алардын ортосунда уруш чыгып, кылмышка шектелип кармалган Ж.Ж. берки шеригин таш менен башка чаап салган. Катуу жарааттан улам жабырлануучу каза тапкан. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KUMU89

05.11.2013. 10:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arak ichip arstan bolup kalat chirkinder, sen kyiyn, men kyiyn bolso kerek. Kolu m.n kylgan iwti, moinu m.n tartat.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.