"Бодо мал союшкан". Жалал-Абадда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйдүргү оорусуна шектелген 7 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана жугуштуу оорулардын алдын алуу борборунун башчысы Жолдошбек Абсаматов билдирди."Кара-Суу айыл аймагынан күйдүргү илдетине шектелип 2-сентябрда төртөө, 3-сентябрда бирөө, андан кийин дагы эки жаран ооруканага жаткырылды. Алардын арасынан бешөө эркек, экөө аял. Алар бодо мал союп, андан соң ичегилерин тазалашкан. Оору аларга тери аркылуу жуккан. Азыркы тапта жетөө тең ооруканада. Абалдары канааттандырарлык. Анализдер алынган учурда экөөнөн бул дарт аныкталды. Калгандарыныкы толук чыга элек. Кара-Суу айыл аймагында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Мал союу 26-августта болгон", - деп маалымдады Жолдошбек Абсаматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















