super.kg logo

"Унаа менен акча алган". Бишкекте алдамчылыкка шектелип 50 жаштагы жаран кармалды

 

Чүй облусунун милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын 54 жаштагы М.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы 2015-жылдан 2017-жылга чейин алдоо жолу менен ишенимине кирип, күрөө катары Военно-Антоновкадагы жер тилкемин берем деп алдап, андан акча жана унаа алып ошол бойдон из жашырган адамга чара көрүүнү суранган. Муну менен жабырлануучуга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Бул факты "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө жогоруда аталган кылмышка шектүү катары 50 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда Сокулук РИИБи бул адамдын Сокулук районунун жана Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун текшерүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: