super.kg logo

Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты

 

Бүгүн, 10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.

Анда Орозайым Нарматованын жасаган иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экендиги айтылган.

Ошондой эле Орозайым Нарматова ИИМдин тергөө кызматынын тапшырмасы менен кармалгандыгы билдирилди.

"Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган укукка каршы аракеттерди аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча интернет тармагына мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгында, Москва шаарында “Мен макул эмесмин” жана “Менин укугум бар” коомдук кыймылдарынын лидери, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Орусия Федерациясында акыркы жылдары эмгек миграциясында жүргөндүгү, бул жылдар аралыгында аталган кыймылдын мүчөлөрү менен маал-маалы менен жолугушууларды жана конференцияларды өткөрүп келгендиги аныкталган. Бул өткөрүлгөн иш-чараларда Орозайым Нарматова эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын арасында нааразычылыктарды күчөтүү максатында негизсиз сындарды дайыма айтып келген.

Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялоо жана терс чакырыктарды жасаган белгилер бар. Анын акыркы ишмердүүлүгү региондор аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн терс маанайдагы коомдук пикирди калыптандыруу максатында коомдук-саясий процессти бир багыттуу чагылдырууга багытталгандыгын күбөлөндүрөт.

Топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(24)
10.09.2021. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сукалар Райымды,Бабановту жана толтура башка жеп жутарларды кустурбайсыңарбы,Садыр дагы анык мурункулардын кейпин кийет ушул кетиште
10.09.2021. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tursunbaev1978, кустурушпадыбы аларды, кускан учун чыгышты да. Билбей туруп эле б.к жей берген болбойт
10.09.2021. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apyn8793, даана кемчонтойсун го? Биринчиден ммллиард доллар уурдаса миллиард сом кайтарып жатат, доллар эмес. Экинчиден ошол кускан акчалары экоонун чонтогуно кеттиби, казынана туштубу, текшерген жан жок. Учунчудон уурдаганын кайтарса эле акталса, анда неге телефон, тоок, кой уурдагандар камалып жатат, уурдагандарын кайтарып берсе дагы?!
11.09.2021. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Apyn8793,кайсыл жака кусту ким корду Ташиев менен Жапаровдун чонтогуно кустубу
10.09.2021. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эң туура, камап жакшы кылдыңар, өзүнчө эле ажылдай берчү бул! Бирок мурунку бийлике окшоп пас кетип аэропорттон эмес, мыйзам боюнча эле чакыруу кат менен чакырып алса болмок!!!
KG-312 түзөттү 2021-09-10 14:31:13
10.09.2021. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Туура кылат.Адахан атасы экоо качан караба озунукун бербейт .Аттан тушсо да : ээрден тушпогон макоолор.Мен лично колдобойм жэрдеши болсом дагы.Кыргызстанга ынтымак керек : онугуш керек баарыбыз башты ийишибиз керек .Мен эле кыйынмын дебей.Адаханды эч Ким колдобойт : бир эле фанаттиктер эле колдошот.Алардан сурасан неге кыйын десен.Адахан мыкты суйлойт дейт.Э Азыр созу ишке дал келбесен: эмне кереги бар кооз создун ??? Фанатиктер озунор деле кооз суйлосонор Адаханды иди деп каласынар
10.09.2021. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Agayu,туптуура,прям точкасына жеткире айттыныз.
10.09.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эн туура бийлик ар кандай уюмдардын оюнчугу эмес биликти Бир адам башкарыш керек туш тараптан сындагандырды камаш керек. Коч бара бар тузолот дейт майда чуйдо мите курттардан тазаланыш керек Камалсын куноосун мойнуна койуп.
10.09.2021. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жаманбы жакшыбы С.Ж президент да, аны кайра-кайра "зек" деп. Сынды туура, орду менен айтса тузолот да акылы бар киши, анан кемсинте бериш кантип болсун.
10.09.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул катынды камагыла оозу менен орок оргон шүмшүк катын
10.09.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Сөз эркиндиги деп,оозубузга келгенди сүйлөп далилибиз жок эле эч кимге баш ийбей калдык.
Чегине жетип келдик,жооп беришибиз керек айткан сөздөрүбүзгө.Негизи мыйзам күчүнө кирип туура иштесе журналистерибиз дагы иргелип чыныгы кесипкөйлөр калат беле.
10.09.2021. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
мен ал кыз эмне деп айтканын билбейм, ошого эмне учун кармаганын да билбейм бирок чектен аша чаап суйлогон болсо (зек деди деп атпайбы бироолор) анда тизгинин тартып коюш керек.
10.09.2021. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эн туура! Мадумаров жаш балдар,кыздарды колдонуп жатат! Бийликке жетиш учун! Орозоайым адашты! Камалганы туура!
10.09.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бул кызды кое бериш керек. Киши олтургон жок.
10.09.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында мен бул айым жөнүндө, жана анын ишмердүүлүгү тууралуу эч кабарым жок. Бирок азыркы бийлик терс сын пикир айткандарды,оппозициячыл маанайдагы активисттерди камап жатканы бул факт! Бул авторитардык режим, Диктатуранын белгиси. Мен С.Ж го башынын эле нейтралдуу көз карашта болчумун. Бирок 1 жыл башкарган сон ишенимим такыр калган жок. Эгер бул кетиште дагы улана берсе Бакиевдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн
Future11 түзөттү 2021-09-10 15:54:27
10.09.2021. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кампиш керек ошондо билет зэкти
10.09.2021. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эшекти - эшек, малды - Мал дейт.
Зекти - зек дейт. Анын эмнеси бар экен. Бул бийлик көзүн май баса баштады
10.09.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur-sultan,кайсы жерин куйуп жатканын билебиз!
10.09.2021. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мына сага. Жапаров менен Ташиевдин конулда жаткан дакснсалары майрамдап чыгышыптыр го..... Баракелде. Булар швйлоодо намысын 1000 сомго саткан намысы жоктордон айырмасы жок. Жердеш, тууган, акыры келип жугунду учун даканса болуп бийликтин камчысын чаап жургон байкуш доопарастар. Дакансаларга ушул аныктама чындыкка эн жакыны...

Эми Нарматовага келсек анын кайрылуулары кызыксыз. Бийликти сындап келет, бирок чектен аша чапкан жерлери бар. Бирок эскертуу жетиштуу болмок.
10.09.2021. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам олтуруу, адам уурдоо, опузалоо, уруп-сабоо сыяктуу жуздогон миндеген кылмыштардын башында турган криминалдар камалганынан бошогону тез болду. Ондогон жуздогон миллион долларларды уурдагандар сотто кайра акталып же уй камагы деген шылтоо менен каалагандай ээн-эркин жургондору ошончо. Мына ошолорду коро туруп, Жапаров менен Ташиев криминал менен да, коррупция менен да курошпой шоу уюштуруп, ал эми озун сындагандарды камап жатканы кулку келээрлик корунуш эмеспи?!
10.09.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Создун кыскасы Бийликтин кучу эч нерсеге жетпеди Камчыны камап койо берди Бабанчик машеникти койо берди Раимди койо берди кыз балага кучу жети
10.09.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзам чегинде куноосу болсо жооп бериш керек.
11.09.2021. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Региондор аралык кастыкты козутуу эмес С.Жапаровту сындагандыгы учун кармадык десе туура болмок, Жапаровко тил тиш тийгизиш мумкун эмес деген мыйзам жазыш керек окшойт лигитимсиз парламент колдоп бере берет алар мыйзам эмне экенин тушунбойт
11.09.2021. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акчага сатылганда бул.... Акча карап суйлойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: