Жалал-Абад. Сузак районундагы көмүр шахтасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүлдү
Кечээ Маркай айылындагы көмүр шахтасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубалы Торомаматов 10 миң сомдон материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты. Ошону менен биргеликте облустагы өкүл маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Эскерте кетсек, 4-декабрь күнү Маркай айылындагы "Кыял" менчик көмүр шахтасында көмүр казып жаткан 5 адам каза болгон эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

