Депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Ыргал Кадыралиева Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн талкуулашты
ЖКнын депутаттары Айнуру Алтыбаева (“Ар-намыс”) менен Ыргал Кадыралиева (СДПК) кечээ, 4-ноябрда парламент менен жергиликтүү органдардын өз ара иштешүү алкагында Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда жергиликтүү элди ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан камсыздоо, мектептерди окуу китептери жана куралдары менен камсыздоо маселелери талкууланып, ошондой эле Балыкчыдагы санитардык- эпидемиологиялык станциянын иши тууралуу сөз болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

