"Наам алгандан кийин чоң саясатка аралашып көрсөм деген оюм болгон". Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышуу ниетинде
Жакында эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул туурасында ал жергиликтүү каналдардын бирине берген маеги учурунда айткан.
Анда ырчы чыгармачылыктан башка жаатта иштөөгө убакыт келгенин белгилеген. Эл артисти наамын алгандан кийин чоң саясатка аралашып көрсөм деген ою болуп келгенин, күтүүсүздөн наам алып калгандан кийин шайлоого катышайын деп жатканын кошумчалаган.
"Мен азыр толук кандуу бир чечимге келе элекмин. Алгач элге кызмат кылган партиянын курамына киришим керек. 2010-жылы мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде шайлоого аттангам. Азыр акыйкат кызмат кылган партиялар болсо курамына кирип, мандат үчүн күрөшкөнгө даярмын", - деген ал.
Артист азырынча партиянын аталышын ачык айткан жок. Жогорку Кеңешке барса ал маданият тармагындагы маселелерге көңүл бура турганын айткан маегинде.
кошулду


Кечээ оздоруно депутаттык буюрбай мусаапыр болуп калышты эле, бугун экоонун тен тууган-туушканы, жезделери, окул балдары, уулдары чорн чон кызматтарда креслолорго чалкалап калышты. Мына ушунун озун кандай тушундуросун?!
Кумтор элдики болуш керек деген Жапаров мамлекеттин 1% да улушу жок Жеруй кенинин ишке киришине уруксат берип тасма кескенин кандай тушунсо болот?!